Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 7-февралда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондорго кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Таласта- түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10;

Баткен, Жалал-Абад, Ошто түнкүсүн -4…+9, күндүз -1…+4;

Ысык-Көлдө-түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарындатүнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн күндүз -30…-35, күндүз-12…-17 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы -13…-15, күндүз -7…-9 градус болот.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты