Аида Салянованын агасы боюнча ИИМ кайра Баш прокуратуранын айткандарын четке какты

Аида Салянованын агасы боюнча ИИМ кайра Баш прокуратуранын айткандарын четке кактыАида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү тууралуу маселеде ИИМ менен Баш прокуратура кайым айтышы уланууда. 

Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Баш прокуратура алектенип жатканын билдиргенде, Баш прокуратура ал айткандарды четке кагып, андай иш  жүрбөгөнүн, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок экенин билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматы Баш прокуратуранын басма сөз кызматынын андай маалыматын 6-февралда кайра четке какты.

ИИМдин айтуусунда АКШнын Миссури штатынын Сент-Луис шаарында Элтуйбасовду (Салянов) экстрадаициялоо боюнча маселе каралып жатканын, келерки соттук териштирүү 6-февралга белгиленгенин билдирди.

“Калыбек Элтуйбасов кармалгандан бери ИИМ АКШнын укук коргоо органдары менен Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу кызматташып жатат жана америкалык тарап Элтуйбасовдун Интерпол аркылуу изделип жатканынан кабардар. Ал жаран тергөө органдарына оор кылмыш боюнча тоскоол болгону үчүн эл аралык издөөгө алынган. Бардык материалдар Баш прокуратурага жөнөтүлгөн. Экстрадиция маселеси мыйзам боюнча ошол органга караштуу. Ошондон улам Баш прокуратура ал маселеден кабардар болгондугу тууралуу айтылган” деп билдирди ИИМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты