Жээнбеков: “Кесиптик-техникалык окуу жайларына мамилени өзгөртүү керек”

Жээнбеков: “Кесиптик-техникалык окуу жайларына  мамилени өзгөртүү керек”«Өлкөнүн билим берүү чөйрөсү тышкы жана ички эмгек рынокторунда талап кылынган адистерди даярдашы керек. Бул максатта кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу зарыл», — деп белгиледи  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы № 98-кесиптик лицейге барганда.

Президентке лицей маалымат технологиялары, телекоммуникациялар багыттары боюнча жана кардарлар менен иштөө чөйрөсү үчүн квалификациялуу кадрлар даярдай турганын айтып беришти. Андан тышкары, мында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген жумушсуздар билим алышат.

Лицейде белгилешкендей, Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аймактардан келген жаштарды окутууга көп көңүл бурулууда. Аймактагы кесиптик-техникалык окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренингдер дайыма өтүп турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай практиканы бүт республика боюнча колдонуу зарыл экенин канааттануу менен белгиледи.

Ал келтирген статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 98 кесиптик окуу жайы болсо, республикада алардын 74 пайызы, ал эми Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толукталган эмес. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга окууга өтүшөт.

«Албетте, биздин эл жогорку билимди баалайт, балдарын жогорку окуу жайларда окуткусу келет. Бирок, кесиптик-техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Азыр заман тез өзгөрүп, жаңы технологиялар турмушубузга ыкчам аралашууда. Жаштар турмушта өз ордун таап калуу үчүн кесипке ээ болуу да тездикти талап кылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Президенттик басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты