Премьер-министр жаңыча иштей албайт экен деди депутат

Премьер-министр жаңыча иштей албайт экен деди депутатЖогорку Кеңештин 6-февралындагы жыйында «Туризм» тууралуу мыйзамдын долбоору талкууланды. 

Өкмөт “Кыргыз туризм” ишканасын түздү. Бюджет тартыш болуп турганда, кайра жаңы ишкана ачып жатат. Туризм министрлиги деле турат. Өкмөттү жаңыча иштөөгө чакырып, кошуна Өзбекстан менен Арменияга командировкага жибериш керек экен.

Азыркы Премьер-министр жаңы нерселерди жасай албайт экен деп депутат Жанар Акаев Өкмөттү сындады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанга 3 млн турист келсе, 2018-жылы алардын саны 7 млн адамга жеткен. Өткөн жылдын жыйынтыгында, бюджетке туризм тармагынан 130 млн сом каражат түшкөн.

Ошону менен бирге, Өкмөт “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасын түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн бюджеттен 50 млн сом талап кылынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты