БАЭде ичимдик ичкендер 2700 доллар айып төлөйт же 2-4 айга камалат

БАЭде ичимдик ичкендер 2700 доллар айып төлөйт же 2-4 айга камалатКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кийинки кездерде Бириккен Араб Эмираттарына барып, ичимдик ичкен кыргызстандыктар кездешип жатканын билдирет, айрыкча аялзатынын арасынан.  

Ислам өлкөлөрүндө спирттик ичимдик ичүүгө административдик чара көрүлөт.

Ошондуктан КР Тышкы иштер министрлиги БАЭге барган кыргызстандыктарды ал өлкөнүн каада-салттарын, тартибин сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, спирттик ичимдик ичкендерге Бириккен Араб Эмираттарында 10 мин дирхам (болжол менен 2700 АКШ доллары) айып салынат же алар 2 айдан 4 айга чейин камалат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты