Кыргызстан: соттолгон аялдарды татаал келечек күтүп турат

Кыргызстан: соттолгон аялдарды татаал келечек күтүп туратЖаза мөөнөтүнүн кесепеттери көпкө чейин тиет
Кыргызстандагы аялдардын жалгыз колониясында күн эрте башталат. 300дөй камалган аялдар эртең менен 6.30да ойгонушат. Түзөтүүчү жай Бишкектен алыс эмес жердеги Степное айылында жайгашкан.
Жазага тартылгандардын эң жашы 15 жашта, эң улуусу 70тен ашкан. Алардын көпчүлүгү киши өлтүрүү жана алдамчылык боюнча соттолушкан. Ошондой эле бул жерде үч аял кичинекей балдары менен жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.
Саат 7деги эртең мененки тамактан кийин жумушка жарамдуулары тигүүчү цехте, навайканада иштешет. Аны менен катар эле колонияда аскер өтүктөрүн тигип, соя сүтүн өндүрүшөт.

Беш баласын жалгыз тарбиялап келген 35 жаштагы Бегайым кылмышка көмөктөшкөнү үчүн соттолгон. Бегайымдын айтымында, аны тигүү цехинде иштеп жатканы гана сактап турат. Эркиндикке чыкканда иштетем деп акча гана чогулткандан тышкары, тигүү менен алектенүү жаман ойлордон алыстатат. “Улуу кызым 17 жашта, калгандары 9, 8, 5те, эң кичинеси болсо болгону 1,8 жашта. Алардын баары балдар үйүндө”, — дейт ал. Бегайым соттолору менен балдарынын баарын балдар үйүнө бөлүшкөн. Анын дагы 9 жылдык жаза мөөнөтү калды.

Кыргызстандагы эркектердин колониясына караганда аялдардын колониясынын акыбалы жакшы. Стандарттуу камерада жаңы керебеттер, раковиналар, пардалар тагылган терезелер жана тумбочкалар коюлган. Ал тумбочкалардын үстүндө үй-бүлөлүк сүрөттөр салынган рамкаларды көрүүгө болот.
Колонияда кармоо шарттары өтө катаал болбогону менен соттолгон аялдар үчүн эң чоң көйгөй – эркиндикке чыкканда эмне кылабыз деген маселе.
Алты миллион калкы бар Кыргызстанда бир жылда 2 миңден ашык аялды кылмыш ишине шектүү деп кармашат, алардын 15%дайы темир тор артына кетет.
Соттолгон аялдардын саны аз болгону менен алардын түрмөдө болушунун социалдык кесепеттери өтө эле аянычтуу.
Кыргызстандагы Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, отуруп чыккан аялдардын 30%ы кайра эле мыйзам бузуп, кайрадан темир тордун артына кетишет.
“Негизинен алар турмушка чыккан,  балдары бар, 30 жашында түрмөгө түшүп калышкан, 10-15 жыл түрмөдө отуруп чыгышкан аялдар” деп кайрадан түрмөгө түшкөн аялдарды сүрөттөп берди “Мутакалим” аялдардын бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы. Бул бейөкмөт уюм көп жылдан бери криминалдуу жолду басып өткөн аялдардын коомго кайра көнүшүп кетүүсүнө жардам көрсөтүп келет.
Көп учурда үй-бүлөсү дагы баш тарткан аялдар түрмөдөн чыккандан кийин кантип жашап кетишин билбейт, келечегин дагы элестете албайт.
“Алар  [аялдар] түрмөдө отурган кезде, күйөөлөрү башкага үйлөнүп алышат, балдары болсо апасынын түрмөдө экенин жашырып, Орусияга иштегени кеткен, Казакстанда деп коюшат”, — дейт Фронтбек кызы. – Апалары кайтып келгенде, жакындары балдарынын турмушуна кийлигишпөөсүн суранат”.
Алардын реабилитация болушуна бир жагынан жумушка орношуу маселеси дагы тоскоол болот деп улантат сөзүн Фронтбек кызы. Кала берсе жогорку билимдүү аял дагы түрмөдөн кийин аз айлык төлөнө турган, кара күч менен иштей турган жумушка гана үмүт кыла алат деп белгилейт.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун IWPRга айтып бергенине караганда, эркиндикке чыккандан кийин аялдардын жумуш таап кетүүсү абдан эле кыйын.
«Камак адамды оңдобой эле, тескерисинче, кайрадан кылмышка түртөт» дейт ал.

Майрам (аты өзгөртүлдү) баңги зат саткандыгы үчүн алты ай түрмөдө отуруп, жакында эле колониядан чыкты. Ал түрмөгө отуруп чыкканы калган өмүрүнө балта чабат деп коркот.
55 жаштагы Майрам 30 жыл мугалим болуп иштегенине карабай, кайрадан балдарды окутууну ишенип жумушка алышпайт болуш керек деп шектенет.
“Мен буга [баңги зат сатууга] кедейчиликтен, оор турмуш-шарттын айынан бардым. Бирок түрмөгө түшкөндөн кийин мугалимдин эле айлык-акысына жашоого болорун түшүндүм” деп баяндайт Майрам.
“Соттолгондорду мамлекеттик кызматка албайт, — деп сөзүн улады ал. – Эми билбейм, мени жумушка деле алышпайт го. Пенсияга эле чыгыш керек”.

Реформалар керекКыргызстан: соттолгон аялдарды татаал келечек күтүп турат

Кыргызстанда кылмыш кодексин жакшыртууга аракеттер жасалып жатат. Реформалоо процесси 2015-жылы башталган. Жаңы долбоорду эксперттер бир жылдай талкуулашты. Ал 2016-жылдын 5-октябрында жарык көрдү. Эми коомчулук өзүнүн сунушун киргизе алат.
Айрым эксперттер майда экономикалык кылмыштарды Кылмыш кодексинин эмес Граждандык кодекстин алкагында жоопко тартуу керек деп аракет кылууда.
Степное айылындагы колониянын жетекчиси Шоола Качкын кызы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын көпчүлүгү киши өлтүрүү боюнча отурганынан сырткары, экинчи чоң топ – бул алдамчылык боюнча соттолгон аялдар экенин айтат.
“Азыр баары эле насыя алышат, бирок баары эле кайтарып өз убагында төлөй албайт”, — дейт Качкын кызы.
Кайыпов болсо карыз болгон адамдар карызын Граждандык кодекске ылайык кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек деп эсептейт.
“Эгер адам биринчи жолу оор эмес кылмыш жасаса, ага эркиндигинен ажыратпаган жаза каралышы керек. Ал жабыркаган тараптын тарткан чыгымын төлөп бериши керек. Эгерде бул келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилген болсо, аны эркиндигинен ажыратпаш керек”, — дейт мурдагы юстиция министри.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эгерде адам карызын кайтарып бере албаса кылмыш жообуна тартылышы керек деген норманын деле кереги бар экенине ынана бербейт.
“Колонияларды кыдырганда мен соттолгондор менен сүйлөштүм, алардын иштери менен тааныштым, алардын 30-40%ы алдамчылык үчүн кармалышкан. Көпчүлүгү базарда иштешет. Товардын баасы түшүп кеткенде, алар кимдир бирөөдөн карыз алышат, кийин төлөй албай калышат, анан аркы тарап арыз жазса буларды камап коюшкан”, — дейт Оторбаев IWPRга берген маегинде.
«Бул туура эмес. Мындай соода мамилелерин граждандык иш катары караса болот» , — дейт Оторбаев.
Акыйкатчы институту майда кылмыштарды кылып соттолгондордун жазасын жумшартуу боюнча жумушчу топ түзгөн. Анткени майда кылмыш болгонуна карабай, алардын түрмөдө отуруп чыкканы алардын жашоосуна, коомго терс таасирин тийгизет.

Айрым учурларда бүтүн үй-бүлөлөр бузулат
Анара (аты өзгөртүлдү) бизнесин өнүктүрүү үчүн банктан насыя алып, кайра төлөй албай калганы үчүн 8,5 жылга “алдамчылык” деген берене менен соттолгон.
“Сентябрда 60 жашка толом. Жүрөк ооруйт, — дейт Анара. – Менин камалганым үй-бүлөмө терс таасирин тийгизди. Күйөөм таштап кетти, балам болсо атасына таарынып Россияга кетип калды. А мен болсо дагы 2,5 жыл отурушум керек”.

IWPR Central Asia

Кыргызстан: соттолгон аялдарды татаал келечек күтүп туратБул макала IWPRдын Европалык Кеңештин каржылоосу менен өтүп жаткан «Демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу үчүн журналисттик иликтөөлөр практикасын түптөө” долбоорунун алкагында даярдалды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты