«Freedom House»: «Борбор Азияда Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин»

«Freedom House»: "Борбор Азияда Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин»Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюму 5-февралда жарыялаган жаңы баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз Кыргызстан гана «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кошулду деди.

Казакстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн тобуна кошулса, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы эң начар мамлекеттер деп табылган. Чөлкөмдөгү бул үч өлкө Сирия, Түштүк Судан, Эритерия, Түндүк Корея, Судан, Борбордук Африка Республикасы, Ливия сыяктуу мамлекеттер менен бир топко киргизилген.

Ошол эле учурда «Freedom House» буга чейин «начарлардын начары» деген топко кирип келген Өзбекстандагы айрым ийгиликтерди белгилеген. Анда президент Шавкат Мирзиёевдин тушунда саясий туткундар бошотулуп, өкмөттүк эмес уюмдар үчүн чектөөлөр жеңилдетиле баштаганы кубатталган.

Баяндамада белгиленгендей, былтыр 68 өлкөдө саясий укуктар менен жарандык эркиндиктин абалы начарласа, 50 өлкөдө оңолгон.

Орусиядагы, Иран менен Азербайжандагы, Борбор Азиянын мурдагы советтик республикаларындагы кырдаал сынга алынып, аларда акыркы 13 жылда демократиялык жетишкендиктер солгундап баратканы жазылган.

Булак: “Азаттык”

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты