“Күйүүчү майдын дүң баасын жашырып отурушат” деди депутат

“Күйүүчү майдын дүң баасын жашырып отурушат” деди депутатЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 6-февралдагы ЖК жыйынында “Атаандаштык жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору  талкууланып жатканда учурда күйүүчү май сатуучулар анын дүӊ баасына акча кошуп сатып жатканын, муну Антимонополиялык агенттик көзөмөлдөбөгөнүн билдирди.

«Мисалы, дизелдик майдын дүӊ баасы 40 сом экенине карабастан, ал азыр 45 сомдон сатылууда.

Агенттиктин башчысы конфиденциалдуу маалымат деген шылтоо менен күйүүчү майлардын дүӊ баасын жашырып отурат. Кандай жашыруун сыры бар? Эмне үчүн мен билем, ал билбейт, билсе дагы айткысы жок? Демек, анын майды дүӊ баасында саткан компаниялар менен өз ара сүйлөшүп алганы көрүнүп турат», — деди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты