Темир жолдогу жүк вагондорунун жарымынан ашыгы иштебей турат

Темир жолдогу жүк вагондорунун жарымынан ашыгы иштебей туратКыргызстанда темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. Темир жолдун 17 пайыз рельси алмаштырууга муктаж. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы орочо эсеп менен 25 чакырым темир жолду модернизациялап, темир бетон шпалдарды коюп жатат.

Бүгүнкү күндө 295 миӊ темир бетон шпал коюлушу керек. Ага 1 млн 885 миӊ сом зарыл.

Бул тууралуу 5-февралда “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Абдыкеримов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Мындан сырткары К.Абдыкеримов «Кыргыз темир жолун» модернизациялоодо стратегиялык милдеттердин бири  паркты жүк вагондор менен толуктоо болуп саналарына токтолду.

«Паркта болгон жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Социалдык жактан маанилүү болгон жүк ташууну (Бишкек ЖЭБи үчүн «Балыкчы» станциясынан көмүр ташуу, «Кайыӊды кант» заводуна кант кызылчасын жеткирүү үчүн) камсыздоо үчүн жарым вагондорду сатып алуу маселеси курч турат»,- дейт «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы.

Ал чарбалык субьектилердин керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо үчүн 2019-жылдан тартып  жалпы суммасы 602 млн сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу талап кылынарын кошумчалады.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты