Чоң-Алай: Кар күрткүдө калган 16 унаадагы 70 жүргүнчү мечитке жайгаштырылган

Чоң-Алай:  Кар күрткүдө калган 16 унаадагы 70 жүргүнчү мечитке жайгаштырылган5-февралда  саат 23:40 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткү пайда болуп, анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калышкан.  

Ал жакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы барып, жүктөгүч,  грейдер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 00:26да Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымындагы кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган.

Ал эми, 70 жүргүнчү (55 эркек, 15 аял) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан эки мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ  басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты