Казак-кыргыз бир тууган

Казак-кыргыз бир тууганКазакстандын Кыргызстандагы элчилиги айтылуу кыргызстандык эксперттердин катышуусунда “Казак-кыргыз бир тууган: жалпы тарых — бирдиктүү келечек” деп аталган талкууну 30-майда уюштурду. Анын максаты — Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда учур маселелери боюнча бирдиктүү аракеттерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Мында сүйлөгөн эксперттердин бардыгы бир тууган эки элди, жалпы эле Борбор Азия мамлекеттерин бириктирген кандайдыр жалпы максат, идея, өз ара өнүгүүнүн кандайдыр модели жок экендигин белгилешти жана өз сунуш-пикирлерин айтышты. Бүгүнкү дүйнөдөгү глобалдашуу ар бирибиз өз саясатыбызды жүргүзүп, ошону менен бирге эле дүйнөлүк чакырыктарда биргелешип интеграция жүргүзүүнү шарттап жатканы белгилүү.

Коңшулаш Казакстанда коомду жаңылоо, анын ичине саясий жактан кайра куруу, конституциялык реформа,  экономиканы модернизациялоо, анын ичинде “Казакстанды үчүнчү модернизациялоо” иш-чаралары колго алынып жатканы белгилүү. Мындай иш-аракеттердин бардыгы глобалдык шартта атаандаштыкты күчөтүүгө, кубаттуу экономикага, туруктуу саясий системага таянып, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирүү максаты менен жасалууда. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Казакстанды дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына киргизүү өлкөнүн бирден-бир максаты деп айткан болчу.

Казак-кыргыз бир тууганКоомдук аң-сезимди модернизациялоо, саясий жана экономикалык реформалар Казакстандын эл аралык коомчулукка интеграциялоого шарт түзүп, саясий, экономикалык жаатта жана бизнести жүргүзүү жагынан өлкө жарандары үчүн гана шарт түзбөстөн, эл аралык инвесторлорго жана кызыкдар тараптардын баарына жакшы шарт түзмөкчү.

Эске сала кетсек, Казакстан мамлекети казактардын компьютердик сабатын жогорулатуу, чет тилдерин өздөштүрүү маселелерин да кабыргасынан коюуда. Буларды билген ар бир жаран дүйнөлүк аренага чыгып, чет мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр болот.

Экинчиден, билим берүүнү артыкчылыктуу тармак катары көрүү, өлкөнүн эле өнүгүшүн эмес, глобалдык өнүгүүнү шарттай турган жаңы муундагы эксперттерди өстүрүп чыгууга шарт түзөт. Казакстан президенти жакынкы келечекте латын арибине өтүү талабын койду. Латын ариби дүйнөлүк өнөктөштөр менен кең-кесири иштөөгө шарт түзмөкчү.

Казакстан маданий кызматташтыкка кеңири орун берип жатат. Бул максатта өлкөлөр арасында “Казакстандын маданий байлыктары” аттуу долбоорду ишке ашырууга  көмөкчү болуп, маданий байланышты, маданий туризмди өнүктүрөт.

Азыркы глобалдашуу маалында Казак менен Кыргызстандын тарыхый жалпылыгын эске алып, бирдиктүү байланышты  өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда.

Казакстандын элчилиги тарабынан өткөрүлгөн баарлашууга Казакстан элчилигинин кеңешчиси Рымтай Каримжанов, элчиликтин кызматкери Нурлан Ешкеев жана кыргызстандык серепчилер Марс Сариев, Алымбек Биялинов, Муратбек Иманалиев, Эдил Осмонбетов, Зайнидин Курманов, Искендер Ормон уулу жана КР Соода-экономикалык палатасынын төрагасы Кубат Рахимов катышты. Баарлашууну Казакстан элчилигинин кызматкери Гладис Темирчиева алып барды.

Казак элчисинин кеңешчиси Рымтай Каримжанов мына буларды белгилеп кетти:

—Биз бири-бирибизден үйрөнөлү. Ачык-айрым талкуубуз менен биз, эки өлкөнүн өкүлдөрү, эки мамлекеттин өз ара кызматташтыгына жардам берели. Эки өлкөнүн байланышы тууралуу тема чоң, бир жагынан алганда философиялуу болуп саналат. Эки өлкөнүн саясий,  экономикалык, тарыхый маселелерине токтололу. Ачык талкуубуз менен биз казак-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө жардам берели, — деди ал.

Кыргызстандын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдерининКазак-кыргыз бир тууган доктору, профессор Зайнидин Курманов казак менен кыргыздын тарыхый окшоштуктарына мурда айтылып келген пикирлерден өзгөчөлүү, нары кызыктуу, кеңири баяндама жасады. Ал эки элдин урпактарынын “Алаш ордо” партиясында болгондугу тууралуу, азыркы түрк тилдүү мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да кеп козгоду.

—Жалпысынан дүйнөдө 91 эл түрк тилинде сүйлөйт. Түрк тилдүүлөрдүн дүйнөдө 6 эгемендүү  мамлекети бар. Эгер Түрк Түндүк Кипрди кошсок, 7 мамлекет болуп калат. Дагы 20 мамлекет автономдуу, жарым автономдуу режимде болуп, Кытайда, Россияда түрк тилдүүлөр жашайт. Өзбекстандын курамында, Кавказда да бар. Түрк тилдүүлөр 3 континентте жашашат: Азия, Европа, Африкада жашашат. Түрк тилдүү этностордун жалпы аймагын айтсак, алар 20 млн чарчы километрди түзөт. Бул Африка континентинен бир аз эле кичине. Жалпы калкы 210  млн калк, ички дүң продукциясы 2 трлн доллар, бул абдан көп.

Эгер Борбор Азия мамлекеттери тууралуу айтсак, 4 түрк тилдүү өлкө, анын ичинен Тажикстан түрк тилдүүлөргө кирбейт. Жалпы аянты абдан чоң. Калкы 70 млн киши, ИДП болжол менен 300 млрд доллар.

Биздин кызматташтыгыбыз үч багытта болгону жакшы: мамлекеттик, өнүгүү жана коопсуздук жагынан. Казак-кыргыз ортосунда эң сонун долбоор,  интеграция  Совет жылдарында болгон.

Казак-кыргыз бир тууганКадет партиясынын филиалы болгон “Алаш ордо”  казак-кыргыз партиясы болгон.  “Алаштыктар” суверендүү, бирок автономиялуу мамлекет түзгүсү келген. 1918-жылы “Алаштын” айрым мүчөлөрү Совет бийлигине кирген. Кирбегендер басмачы болуп кетишкен. Кыргыз филиалында Ишеналы Арабаев иштеп, “Казак” гезитинде башкы редактор болгон. Бутиханов, Тынышбаев аттуу улуттук лидерлер менен иштеген. Арабаев Сыдыков,  Айдарбеков, Тыныстановду тарткан,  менин чоң атам Курман да “Алаш ордо” партиясынын мүчөсү болгон. “Алаш” партиясы кыргыз съездин өткөргөн.

Бүгүнкү ири интеграторлор— Түркия, Иран, Россия, Кытай. Түрк дүйнөсү бириксек, күч болмокпуз. Бир эле Түркиянын ИДП  1, 3 млрд долларды түзөт. Ислам дүйнөсү дүйнөлүк жогорку стандарттарды сактай албайт. Эгер  өзүбүздүн долбоорубуз жок болсо, башкалардын долбоору менен жашап калабыз, — деди негизги докладында Зайнидин Курманов.

Экс КР тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев айтылган пикирди улантып, көчмөндөр тууралуу маселеге, бирдиктүү идея көтөрүүгө өз пикирин билдирди:

—Көчмөн калктар тоолук, талаалык, көлдүктөр деп бөлүнгөн. Евразия көчмөндөрүн бириктирген нерсе алардын атчан көчмөн калкы болушу. Кыргыз, монгол, казак, кыпчактар ж.б. элдердин ири идионимдери бар. Идионим деген бул этноним же топоним эмес, бул түрк-монгол чөйрөсүндө түзүлгөн, айрым элди бириктирген идея. Көчмөн элдер ушундай идеяларды, идионимди издеш керек. Идионим казактарды кечирээк пайда болгон.

Кыргызстан үчүн тоолуу шартта адам жашоосунун экономикалык шарттарын изилдөө негизги маселе. Бул кыйын нерсе. Каражат жок.  Тоо көчмөндөрү эң кичине точкадан бийикке көчүп жүрөт. Талаа көчмөндөрү бул башкача. Тоо көчмөндөрүнүн спецификасы башка. Тоо көчмөндөрү горизонтто тоолорду көрөт. Талаа көчмөнү горизонтто түздүктү көрөт. Бул дүйнө таанымга, музыкага, эпикалык чыгармаларга  таасир этет. Айта кетсем, казактар менен кыргыз тили фонетикалык жактан жакын.

Кыргыз-казак диалогунда казак-кыргыз мамилесинде саясий, экономикалык байланышты түзүш керек.

КР Соода-экономикалык палатасынын төрагасы Кубат Рахимов Казакстан менен Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги кызматташтыгына терең изилденген баасын берди. Кубат Рахимов Борбор Азия мамлекеттери эгемендик ичинде бири-бири менен салгылашпаганы чоң жетишкендик экенин белгиледи. Борбор Азия мамлекеттеринин бири-бири менен байланышы анчалык эмес. Учурдагы экономикалык байланыштар болсо, сырттан сунушталган. Алсак ЕврАЗЭС, ОЭС-ЭПШП ж.б.

ЕврАЗЭС—тышкы долбоор. Казакстансыз Евразиялык мамиле болбойт. 2008, 2014-жылдардагы Казакстандагы кризис Кыргызстан үчүн кыйын болду.

Акырында эксперт мындай жыйынтык чыгарды: 1. Казак-кыргыз экономикалык өнүктүрүү жагын караш керек. 2. Өсүү драйверлерин белгилөө зарыл. Бишкек-Алматы экономикалык коридору, Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол байланышы, Борбор Азиядагы атом станциясы, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну ж.б. 3. Казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүү фондусун түзүү. 4. ”2 К”—Казакстан жана Кыргызстан кошуналар фондун өнүктүрүү керек. 5. Өз ара аймактык демилгелерди колго алыш керек. Өз ара маданий, медиабайланыш, инвестициялык ж.б. байланыштарын түзүш керек.

Мындан тышкары бул ачык баарлашууда Алымбек Биялинов, Марс Сариев, Эдил Осмонбетов, Искендер Ормон уулу чыгып сүйлөшүп, казак-кыргыз байланышын өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин ачык-айкын билдиришти. Атап айтсак, Марс Сариев эксперттик коомчулук бир башка, саясий коомчулук бир башка өңүттө сүйлөй турганын белгиледи. Ал эми Эдил Осмонбетов Казакстан Кыргызстандын саясий тажрыйбасын алса ашыкча болбостугун айтты. Ал эми серепчи Искендер Ормон уулу казак-кыргыз интеграциялык процессинде орток кызыкчылыктарды алып чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Чыгып сүйлөгөн эксперттердин бардыгы бир тууган эки элди, жалпы эле Борбор Азия мамлекеттерин бириктирген кандайдыр жалпы максат, идея, өз ара өнүгүүнүн кандайдыр модели жок экендигин белгилешти жана өз сунуш-пикирлерин айтышты.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты