Кыргызстан “бомба бар” деп  алданып калган 12 учур (карточкалар)

Кечээ Манас аэропортунда “бомба бар” деген кабардан кийин, окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тезинен барып, шектүүкандайдыр бир заттарды табуу аракеттери жүрдү.

Бирок, кабар жалган болуп чыкты. Аэропорттун жүргүнчүлөрү жана кызматкерлери коопсуз жайга чыгарылып, үч рейс кечиктирилген. Бирок, эч кандай шектүү зат табылган эмес.

Мындан сырткары Панфилов, Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жана Малдыбаев 75 көчөлөрүндөгү авиакассада “бомба бар” деген кабар келип, бирок ал жерлерден дагы жарылуучу заттар табылган эмес.

Андан кийин эле Ош аба майданында да “бомба бар” деген маалымат түшкөнүн Манас аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирген. Жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылып, атайын кызматтар жардыруучу заттарды издешкен.

Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексине ылайык бомба тууралуу жалган маалымат тарткандыгы үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратылат жана айып пул салынат. Аталган берене өзгөртүлгөн эмес.

Мисалы, аталган берене боюнча бугай чейин 2016-жылы “Манас” аэропортунда “бомба бар” деп жалган маалымат жөнөткөн киши эркинен ажыратылган.

Тамашалагысы келген чиновник Мирлан Муратовго 50 мин сом айып пул салынган. Ал эми Дүйшөбек Зилалиевге кылмыш иши козголгон.

Ушундан улам, буга чейинки “бомба бар” деп жалган маалымат тараган учурларды эстеп көрдүк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты