Чоң-Алайда көчкү баскан унаадагы кишилер аман-эсен

Чоң-Алайда көчкү баскан  унаадагы кишилер аман-эсен

Кар көчкүдө калгандар куткарылды.

Чоң-Алай районундагы унаа жолдорго кар көчкү түштү. Жеңил машинаны көчкү басып калып, андагы кишилер аман-эсен сакталып калды. 

5-февралда саат 18:40 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600м3 кар көчкү тушкөн.

Ошол эле чакырымында 5-февралда саат 19:34 чамасында кайрадан 700м3 кар көчкү түшүп, «Деу Матиз» унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон. Алардын абалы жакшы. Унаа жол жабылган.
Ал жакка өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы барып,  4 куткаруучу,   жүктөгүч, бульдозер тартылган.

5-февралда саат 20:15те Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

Унаанын ичинде 2 киши  болгон, алар  №16 ЖТИ кызматкерлери тарабынан унаадан чыгарылган. Ал эми кар көчкү басып калган «Деу Матиз» унаасын куткаруучулар чыгарууга жардам беришкен. 2 киши өздөрүнүн унаасында үйлөрүнө кетишкен.

5-февралда саат 18:40 чамасында Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында 700м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол жабылган.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы барып, жүктөгүч, бульдозер тартылган.
Саат 20:00дө Дароот-Коргон-Чак-Жаш-Тилек унаа жолунун 1-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты