Бишкекте Кайгуул милиция иш-чарасы бекитилди

Бишкекте Кайгуул милиция иш-чарасы бекитилдиӨкмөттө Бишкекте Кайгуул мииция кызматынын иш-чарасы бекитилди

Бишкек шаарында пилоттук долбоор алкагында 2019-2020-жылдарга Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   

Долбоор Бишкек шаарында 2019-2020-жылдары ишке ашырылат, анын жыйынтыгында талдоо жүргүзүлөт. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты Милициянын кайгуул кызматына кайра түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө андан аркы чечим кабыл алынат.

Жаңы кызматка алуу сынактык негизде жүрөт. Мындан тышкары бардык талапкерлер милдеттүү кошумча окутуудан өтүшөт, анын жыйынтыгы боюнча алган билимдери текшерилмекчи.

Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жаңы кабыл алынган кызматкерлер жогорулатылган акчалай көмөк алышат.

Жаңы түзүлүп жаткан бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылат.

Муну менен катар өлкөнүн коррупцияга каршы органдары тарабынан кызматкерлердин ишмердиги катуу көзөмөлгө алынат.

Жаңы түзүлүп жаткан кызматка жол коопсуздугун камсыздоодон тышкары  коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле «102» кызматына жарандардан келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети жүктөлөт.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тарта кызматка киришет.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты