Кыргызстанда кар жаайт. Суук болот

Кыргызстанда кар жаайт. Суук болотКыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча 6-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында бурганак болушу күтүлөт.

Батыш шамалынын ылдамдыгы секундуна 4 — 9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында: түнкүсүн -6… -11; күндүз -5…-10;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында— түнкүсүн -2…-7; күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда— түнкүсүн -4…-9; күндүз 0…-5;

Нарын облусунда— түнкүсүн -13…-18; күндүз -8…-13.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр,  айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасынын төмөнкү чеги түнкүсүн -8… -10, күндүзгү жогору температура -7…-9.
Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты