”Манас” аэропортунда “бомба бар” деген маалымат жалган болуп чыкты

”Манас” аэропортунда “бомба бар” деген маалымат жалган болуп чыкты“Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, аэропортто бир канча саат укук коргоо орган кызматкерлери иштеди, анда кандайдыр шектүү нерсе табылган жок.

Айта кетсек, бүгүн, 5-февралда, саат 14:41 де “Манас” аэропортунда бомба бар деген маалымат түшүп, жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланган.

Маалымат авиакомпаниялардын биринин кассасынын электрондук почтасына келип түшкөндүгүн Улуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча андай билдирүү чет өлкөдөн жиберилген.

Андан кийин саат 18:46 да Ош аэропортунда бомба бар деген маалымат келген. Андагы  маалымат да жалган болуп чыккан.

Бул күнү Бишкек- Ош багытындагы Бишкектен Ошко саат 19.35 уча турган жана Оштон Бишкекке саат 20 30 жана 20.50 дөгү авиа рейс токтотулган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты