Разаков: “Мыйзамсыз товар алып кирүү жоюлбай жатат”

Разаков: “Мыйзамсыз товар алып кирүү жоюлбай жатат”Вице-премьер Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын аймактык органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, өзгөчө, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана күйүүчү-майлоочу май контрабандасын  алдын- алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы кемчиликтерге токтолду.

2018-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматы тарабынан ачыкталган укук бузуу фактысы боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 млрд 351,6 млн сом кайтарылган. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 млн сомдон ашуун каражат которулган.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын аймактык органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, өзгөчө, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана күйүүчү-майлоочу май контрабандасын  алдын- алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы кемчиликтерге токтолду.

Мындан тышкары, финансылык полиция өзүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин көзөмөлгө алуу боюнча жетишсиз иш жүргүзүп жаткандыгын вице-премьер аталган кызматтын жыл жыйынтыгы жыйынында билдирди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты