Баш прокуратура Саляновду АКШдан алып келүү боюнча кат жөнөткөн эмес

Баш прокуратура Саляновду АКШдан алып келүү боюнча кат жөнөткөн эмесБашкы прокуратура Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү боюнча кат жөнөтпөгөнүн билдирди. 

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдун  Калыбек Элтуйбасовду ( Салянов)  алып келүү боюнча АКШга суроо-талап Башкы прокуратура аркылуу жөнөтүлгөн” деген билдирүүсүн Баш прокуратура өкүлү четке какты.

Баш прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева айтылгандарга  тактоо киргизди:

— Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ тарабынан К. Элтуйбасовду экстрадициялоого байланыштуу тиешелүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегендигин белгилегибиз келет, — деп айтты.

 Баш прокуратура АКШнын тиешелүү уюмдарына Калыбек Элтуйбасовду (Салянов)  алып келүү боюнча кат жибергенин Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында билдирген.

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Калыбек Элтуйбасов далилдерди жоготкону боюнча айыпталууда.

“Ал миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн АКШда камалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Калыбек Элтуйбасовдун Интерпол аркылуу изделип жаткандыгы аныкталган.  Ал иликтөө иштерине тоскоол келтирип, далилдерди жоготуп койгон. Биз Баш прокуратура аркылуу аны алып келүү боюнча жөнөттүк” деген Каниметов.

Аида Салянова агасы Калыбек Элтуйбасовду (Салянов)  Каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насырбек Алмаматовдун көрсөтмөсү менен, жалган жеринен айыптап жаткандыгын билдирген.

“Ал саунанын виде обайкоо камерасынан кыздын өлүмүнө чейин саунада бирге болгон жазууларын өчүрүп коюу тапшырмасын  Калыбек бергенин айткан. Бирок Калыбекке андай тапшырманы берүүнүн кереги жок болучу, анткени ошол жазуулар сакталса, Калыбек Элтуйбасовдун күнөөсүз экенинин кепилдиги болмок” деген Аида Салянова.

Кийин Насырбек Алмаматов ага Калыбек ушинтип айтты деп айт деген тапшырма болгонун айтканын Аида Салянова кошумчалаган.

Айта кетсек, Калыбек Салянов жакында фамилиясын “Элтуйбасов” деп өзгөрткөн, ал Аида Салянованын агасы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты