Кыргоолду мыйзамсыз атса, 12 миң 500 сом айып төлөйт

Кыргоолду мыйзамсыз атса, 12 миң 500 сом айып төлөйт

Иллюстрациялык сүрөт. Кыргоол.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Аламүдүн сотуна  Бишкек шаарынын тургунуна 12 миң 500 сом айып пул төлөтүү боюнча материал даярдап жатат.

Агенттик айып пулду ушул жылдын 1-январынан тартып ишке кирген “Тартип бузуулар” жана “Жосундар” боюнча кодекстин негизинде салуу боюнча сотко кайрылган.         

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл округуна караштуу аң уулай турган аймактан мыйзамсыз үч кыргоол атып алган киши Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлеринен  качып кеткен.

Агенттик Ички иштер министрлигине кайрылып, браконьерлерди таап берүүнү өтүнгөн.  Аламүдун райондук милиция кызматкерлери браконьерди тапкан, ал Бишкек шаарынын тургуну Сабыркул Ажыкулов болуп чыккан.

Кыргоолго аңчылык кылууга 7-октябрдан 9-декабрга чейин гана уруксат берилген.

Ажыкулов үч кыргоол атып алган. Аткан ар бир кыргоол үчүн ал 12 миң 500 сомдон, үчөөнө жалпысынан 27 миң 500 сом айып акча төлөйт.

Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты