Интернеттен экстремисттик материал тараткан

Интернеттен экстремисттик материал тараткан

Интернеттен экстремисттик материал тараткандыгы жана жасалма паспорт жасагандыгы үчун кармалган С. А. аттуу жаран.

Улуттук Коопсуздук комитети тарабынан диний-экстремисттик уюмдун өкүлү, кыргызстандык С.А. аттуу жаран кармалды.

Ал экстремисттик материалдарды Интернет аркылуу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын  жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

 Ошондой эле  С.А. берген жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин  Б.Н. аттуу жараны кармалды.

Прокуратура органдары тарабынан ага кылмыш иши козголду.

Кармалгандар КР УКМК Тергөө-камак жайына киргизилип,  иши тергелип жатат.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук Коопсуздук Комитети буга чейин Кыргызстандын жасалма паспортун жасап, Түркияга, андан ары Сирияга барып, эл аралык террордук уюмдун мүчөлүгүнө өткөн Х. Т. аттуу жаранды кармаган.  Бул киши эл аралык террор  уюмунун активдүү кишисине айланып, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөшкө катышкан.

Анын натыйжасында ал Түркияга жиберилип, ал жактан Сирияга жоокерлерди жиберип турган ири каналдын иштешине жооптуу болгон.

Х.Т. га Кылмыш-жаза кодексинин  395-беренесинин 2-бөлүгү менен  (“Жалданып иштөө”)  айып тагылып, суралып жатканы маалымдалган болчу.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты