Аида Салянованын агасын АКШдан Баш прокуратура алып келет

Аида Салянованын агасын АКШдан Баш прокуратура алып келетБаш прокуратура АКШнын тиешелүү уюмдарына Калыбек Элтуйбасовду (Салянов)  алып келүү боюнча кат жиберди. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтуусу боюнча Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Калыбек Элтуйбасов далилдерди жоготкону үчүн  айыпталууда.

“Ал миграциялык мыйзамды бузгандыгына байланыштуу камалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Калыбек Элтуйбасовдун Интерпол аркылуу изделип жаткандыгы аныкталган.  Ал иликтөө иштерине тоскоол келтирип, далилдерди жоготуп койгон. Биз Баш прокуратура аркылуу аны алып келүүгө кат жөнөттүк” деди Каниметов.

Буга чейин басма сөз жыйынында Аида Салянова агасы Калыбек Элтуйбасовду (Салянов)  Каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насырбек Алмаматовдун көрсөтмөсү менен, жалган жеринен айыптап жаткандыгын билдирген.

“Ал саунанын видеобайкоо камерасынан кыздын өлүмүнө чейин саунада бирге болгон жазууларын өчүрүп коюу тапшырмасын  Калыбек бергенин айткан. Бирок Калыбекке андай тапшырманы берүүнүн кереги жок болучу, анткени ошол жазуулар сакталса, Калыбек Эльтуйбасовдун күнөөсүз экенине кепилдиги болмок” деген Салянова.

Кийин Насырбек Алмаматов ага Калыбек ушинтип айтты деп айт деген тапшырма болгонун айтканын Аида Салянова кошумчалаган.

«Камила Дүйшөбаеваны өлтүргөн киши арабызда эле жүрөт. Бирок өлтүргөн киши менин тууганум эмес» деген ал.

Аида Салянованын пресс-конференциясы тууралуу Шилтемеде:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты