Кендеги коррупция: Осмонбетовго сөгүш берилип, орун басарлары кызматтан алынды

Кендеги коррупция: Осмонбетовго сөгүш берилип, орун басарлары кызматтан алындыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады, ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

Коопсуздук кеңешинин жакындагы жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине негиздүү сын айтылган. Өкмөттө кен тармагы боюнча кеңешмеде ал тууралуу эскертилди.

«Тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер дагы күнөөлүү. Өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, алар ачык саботажга чейин жетишүүдө», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө бир катар милдеттер коюлган.

«Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес… Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып, лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар», – деп белгиледи Премьер-министр.

Буга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыяланды, ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

Премьер-министр  кыска мөөнөттө коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилиши керек.

Премьер-министр ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  жетекчилигин биргелешип жөнгө салынган иштерди уюштурууга жана долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды.

Өкмөт башчы өлкөнүн улуттук байлыктарын элдин жана өлкө экономикасынын кызыкчылыктарында пайдалануу үчүн иштин жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө дыкат мамиле кылууну тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты