Жээнбеков: “Кыргыз-кытай мамилеси болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти”

Жээнбеков: “Кыргыз-кытай мамилеси болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти”Президент Сооронбай Жээнбеков 5-февралда Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге куттуктоо жолдоп,  кытай элин Жаз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Жакында эле Кытай реформа жана ачык саясат жүргүзгөндүгүнүн 40 жылдыгын майрамдады. Бул саясатты жүргүзүүдө Сиздин мамлекетиңиз таасирдүү ийгиликтерге жетип, аймактык жана эл аралык иштер боюнча маанилүү ролду ишеничтүү аткарып келет. Буга үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасында өтө турган кезектеги кѳп тараптуу эл аралык кызматташтык боюнча “Бир алкак — Бир жол“ форуму далил.

Кыргыз-кытай мамилелери негизинен Сиздин жеке аракетиңиздин натыйжасында мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, достук, теңдик жана өз ара пайдалуу кызматташуунун үлгүсү болгондугун белгилеп кетүү маанилүү.

Белгилеп кетсек, 2018-жылы Кыргызстан менен Кытай эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге кѳтѳрүп, ал ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккѳ жетти. Муну менен бардык тармактардагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык андан ары күчтѳнүүдѳ. Андыктан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө Сиздин жеке кѳңүл бургандыгыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ынак коңшулук өнөктөштүк эки тараптуу мамилелердин бүт спектринин тыгыз өнүгүүсүн мындан ары да шарттайт, ал эми 2019-жыл Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жылы болот деп ишенем.

Кыргыз тарап Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, ушул жылы Сиз менен жакынкы арада мамлекеттик сапардын жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жүз көрүшкөнгө ниеттенем.

Сизге, урматтуу Төрага мырза, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде албан-албан ийгиликтерди, ал эми Кытай элине — тынчтык жана гүлдөп-өсүү каалайм», — деп белгиленет Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сүрөт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты