Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 6 лет мурун
- Маек
Кыргызстанда бүгүн, 5-февралда, түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт .Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бурганак болот.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Таласта- түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда- түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө- түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарында- түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндуз -10…-15 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болушу ыктымал.
Сүрөт: Интернет булактарынан.