Лавров: “Кыргызстанда россиялык экинчи авиабаза ачуу тууралуу сөз болгон жок”

Лавров: “Кыргызстанда россиялык экинчи авиабаза ачуу тууралуу сөз болгон жок”Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен жолугушууда эмнелер тууралуу сөз болгонун журналисттерге билдирди.    

Анын айтымында, бардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде аскер-техника жаатында, маданият жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Ооганстандагы абал да талкууланды.

Сергей Лавров “Кыргызстанда россиялык экинчи авиабазаны ачуу тууралуу расмий деңгээлде сөз болгон жок” деп айтты.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов  өлкөнүн түштүгүндө  экинчи россиялык авиабазаны ачуу мүмкүнчүлүгүн Бишкек четке какпайт деп билдирген. Элчи андай база Ооганстандан келген коркунучту токтотмок деген.

Россиянын Тышкы иштер министри Лавров Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруу алкагында Кыргызстанга келди. Жакында Кыргызстанга В,В. Путиндин мамлекеттик сапарын даярдоо жана 2019-жылдын 1-мартында Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине байланыштуу расмий сапар менен келди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-февралда Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты