“Айыл чарбасын каржылоо-7”. Кредит кимдерге берилет?

“Айыл чарбасын каржылоо-7”.  Кредит кимдерге берилет?«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору ишке ашырыла башталды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору ишкер субхекттерге жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукциясын иштетүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору – 60 айга чейин иштейт жана 2019-жылдын февралында иштей баштайт.

Сүт, эт, жүн, бал, балык, көк-сөк, (сарымсак, пияз, помидор), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу багыттарга кредит берүү үчүн жана «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн пайыздык үстөк жылына 6%  белгиленген.

Ошондой эле асыл тукум заводу, асыл тукум чарбасы жана үрөн чарбалр жана кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъектилерге кредит берүүдө артыкчылыктар каралган.

Жылына 8% акыркы пайыздык үстөк төмөнкүлөр үчүн белгиленген:

— бак өстүрүүчүлүк жана токойчулук менен алектенген субъекттер үчүн;

— күнөскана чарбасы менен алектенген жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү боюнча субъекттер үчүн;

— асыл тукум жана мал же жасалма жол менен уруктандыруу жабдууларды сатып алуучу субъекттер үчүн.

Жылына 10% акыркы пайыздык үстөк «Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» тармактары үчүн белгиленген.

Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Ушуну менен катар  бак өстүрүүчүлүккө, токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 (жүз элүү) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн.

Бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу түрүндө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.

Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:

— Бодо мал (ала тоо, карала, олуя-ата, ошондой эле голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц уйлары), топоздор жана жылкылар;

— кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар жана меринос).

Бул тармактын субъекттери ушул долбоордун алкагында бир зайымчы 3 (үч) млн сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткан субъекттер 10 (он) млн сомго чейин кредит ала алышат.

Кредит берүүдө иштетүүчү ишканалар менен өз продукцияларын берүүгө келишим түзгөн чарбаларга артыкчылык берилет.

Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты