2018-жылы өлкө бюджетине 6 млрд сом киреше түшпөй калды

2018-жылы өлкө бюджетине 6 млрд сом киреше түшпөй калдыФинансы министрн Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда мамлекеттик бюджет пландагыдан 6 млрд сомго кем аткарылганын  билдирди.

2018-жылы 141,5 млрд сом киреше күтүлгөн, бирок жыл жыйынтыгында 135,4 млрд сом киреше алынды, демек мамлекеттик бюджетке дээрлик 6 млрд сом кем түшүп, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган.

Депутат Зиядин Жамалдинов бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезинде оптималдуу эле план сунушталганын белгиледи.

«Планды аткаруу боюнча бардык аракеттер жасалды. 141,5 млрд сом такталган план болчу, тилекке каршы ал аткарылбай калды», — деди ал.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты