Сирияга согушчандарды жиберип турган террордук топ мүчөсү кармалды

Сирияга согушчандарды жиберип турган террордук топ мүчөсү кармалды

УКМК кармаган жаран.

Улуттук Коопсуздук Комитети 2019-жылдын 1-мартында  Сириядагы куралдуу салгылашта жиберилиши мүмкүн болгон  террордук топторго каршы иш-чара уюштуруу учурунда Кыргызстанда террор уюштурууга жиберилген террордук топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жараны 1977-жылы туулган “Х.Т.” ны кармады.

“Х. Т.” мурда Кылмыш-Жаза кодексинин  241-беренеси менен, мыйзамсыз курал алуу, сактоо жана сатуу боюнча  соттолгон.

2014-жылдын февраль айында “Х.Т.” Кыргыз Республикасынын жасалма паспортун жасап, Түркияга, андан ары Сирияга барып, эл аралык террордук уюмдун мүчөлүгүнө өткөн.

Кыска убакыт ичинде “Х.Т”. эл аралык террор  уюмунун активдүү кишисине айланып, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөшкө катышкан.

Анын натыйжасында ал Түркияга жиберилип, ал жактан Сирияга жоокерлерди жиберип турган ири каналдын иштешине жооптуу болгон.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин  395-беренесинин 2-бөлүгү менен  (“Жалданып иштөө”) ага айып тагылып, суралууда.

Ал УКМКнын убактылуу абагына камалып, тергөө жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты