Жээнбеков: “Акназаровдун өмүр жолу сабак болушу керек”

Жээнбеков: “Акназаровдун өмүр жолу сабак болушу керек”«Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков 3-февралда көрүнүктүү р Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Мамлекет башчы ушундай инсандардын өтүп кетиши баары үчүн чоң кайгы экенин белгилеп, маркумдун уул-кыздарына, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Корчубек агабыз бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Ал Улуу Ата Мекендик согушта, келечек муундун жаркын келечеги үчүн согуштун акырына чейин кан майданда жан аябай кызмат өтөгөн. Согуштан кийин кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасаган. Артынан кыпындай жаман сөз ээрчиткен эмес», — деп айтты Президент.

«Корчубек аганын өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет. Айрыкча мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерге, жетекчилерге аксакалдын баскан жолу сабак болушу керек. Ал элибиздин эсинде түбөлүккө калуучу унутулгус улуу иштерди жасап кетти. Турмуштук бай тажрыйбасы менен аянбай бөлүшүп, кийинкилерге акыл-насаатын айтты. Мага дагы акыл-насааттарын айтып, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбасын бөлүшүп, батасын берген».- деп айтты мамлекет башчы.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басам сө кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты