Ырчы Децл дүйнөдөн өттү

Ырчы Децл дүйнөдөн өттүРоссиялык басылмалар, анын ичинде “Сегодня” жазгандай, белгилүү ырчы Децл кайтыш болду.

Децл деген каймана ат менен белгилүү  ырчы Кирилл Толмацкий 36 жашында 3-февралда кайтыш болду.   Ал Ижевск шаарында концерт берип жаткан.

Концерттен кийин ал өзүн жаман сезип, грим жасоочу бөлмөгө кирип, кайтыш болуп калган. Анын артында 13 жашар уулу калды.

Жубайы Юлия Толмацкая  Кириллдин жүрөгү токтоп калгандыгын Инстаграм баракчасына жазды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты