«Мобильник» төлөө системасы ишин токтоттубу?

«Мобильник» жоопкерчилиги чектелген коомунунун (ЖЧК)лицензиясын артка кайтаруу тууралуу маселе каралганжок. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

«Мобильник» төлөө системасы ишин токтоттубу?

Маалыматка ылайык, Улуттук банк учурда төлөө системасы менен иштешүүдөжана система үчүн тобокелдиктерди азайтууга аракетжасап жатат.

Төлөө системасынын өзүнөн билдиришкендей,системаны ишке киргизүү жана карыздарды төлөө аракети жасалып жатат.

«Финансылык кызмат көрсөтүү боюнча колдонуучулардынсуроолоруболсо банкка кайрылууну өтүнөбүз»,-деп билдиришти Улуттук банктан.

Буга чейин белгилүү болгондой,«Мобильник» төлөө системасында ката кетип, социалдык тармактарда колдонуучулар тарабынан нааразычыдыктар айтылып жаткан. Ага байланыштуу «О», «Мегаком», «Түндүкэлектр», «Ошэлектр» компаниялары төлөө системасы менен кызматташуусун токтоткон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты