“Кыргыз туризм” түзүү чечими чыкты

“Кыргыз туризм” түзүү чечими чыктыМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу чечимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз туризм» ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө.

«Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын директору Премьер-министр тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат жана кызматтан  бошотулат.

Бул тууралуу  Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызмати билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты