Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу

Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатууБелгилүү мамлекеттик ишмер, Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу эртең 3-февралда, саат 10:00 до Абдумомунов атындагы театрдын алдында өтөт.  

Бул тууралуу  Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөттүн уюштуруу комитетинин төрагасы  болуп Кубатбек Боронов бекитилди.

Ошол эле күнү Корчубек Акназаровдун сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Социалисттик эмгектин Баатыры,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаров  1-февралда,  97 жаш курагында көз жумду.

Корчубек Акназаров 1922-жылы Талас районунун Кызыл-Жар айылында туулган.

Ал  Ак-Талаа жана Кочкор райондорунда партиянын райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп, Кыргызстандын эл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондордун бири.

Кочкор районундагы Чолпон айлындагы мектеп Акназаровдун атын алып жүрөт, Баетов айылында  бюсту жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда бюст- эстелиги орнотулган.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, спикер Дастан Жумабеков жана башка жетекчилер, анын замандаштары, шакирттери, жердештери  маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты