Асылбек Кожобеков УКМК төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду

Асылбек Кожобеков УКМК төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду

Асылбек Кожобеков Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасынын орун басары  кызматынан бошотулду.

Мындай буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда, кол койду.

Аны кызматтан бошотуунун себеби— башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кожобеков бул кызматка 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

Сүрөт:  Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты