Азия кубогу: Катар футбол командасы жеңишке жетти

Азия кубогу: Катар футбол командасы жеңишке жетти

Азия кубогунун финалында бүгүн, 1-февралда, Катардын футболчулары япониялыктарды 3:1 эсебинде жеңип алып, Азия кубогунун ээси болду.   

Азия кубогунун финалдык оюнунда катарлыктар Япония командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Катарлык футболчулар оюнду баштаганда эле мыкты ойношту. Оюндун 12-мүнөтүндө катарлыктар гол киргизди жана биринчи таймда катары менен эки гол киргизди.

Япондор да гол киргизип, 2:1 эсебинде оюн теңелейин деп баратканда, катарлыктар пенальтиден дагы бир голго ээ болуп, натыйжада жеңишке жетишти.

Катар футбол командасы Азия чемпионатынын жарым финалына жана финалына тарыхта биринчи жолу чыкты.

Ал эми Япония командасы Азия кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү болгону маалым.

Финалда биринчи гол киргизген 22 жаштагы Али Альмоез Азия кубогунун мыкты бомбардири деп аталды, ал 7 оюнда 9 гол киргизди.

Финалдык оюндун калысы өзбекстандык Равшан Ирматов болду.

Ошентип, Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Дабу шаарынын «Спорт сити» стадионунда өткөн Азия кубогунун финалы да  соңуна чыкты. Келерки Азия кубогу 2022-жылдын ноябрь-декабрь айларында Катарда өтөт.

Футбол боюнча Азия кубогу кыргызстандыктар үчүн да чоң салтанат менен коштолду. Анткени Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты.

Кыргызстандын курама командасы 1/8 финалында БАЭ командасынан 3:2 эсебинде жеңилип, Азия кубогун 21-22-январда жыйынтыктаганы менен,  атаандаштарынан кем эмес ойногонуна көрүүчүлөр күбө болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты