Корчубек Акназаров көз жумду

Корчубек Акназаров көз жумду

Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров кайтыш болду. 

Социалисттик эмгектин Баатыры,  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаров бүгүн, 1-февралда,  97 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын туугандары маалымдады.

Корчубек Акназаров 1922-жылы Талас районунун Кызыл-Жар айылында туулган.

Ал  партиянын Ак-Талаа жана Кочкор райондорунун биринчи катчысы болуп иштеп, Кыргызстандын эл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондордун бири.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери биринчи Белоруссия фронтунда салгылашып, жарадар болуп келгенден кийинки өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган.

Корчубек Акназаров кыргыз элинин мекенчил, эмгекчил уулдарынан болгон.

Ал эки жолу Ленин ордени, Октябрь революциясы ордени ж.б. сыйлыктар менен сыйланган. Социалисттик эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгон.

Кочкор районундагы Чолпон айлындагы мектеп Акназаровдун атын алып жүрөт, Баетов айылында  бюсту жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда бюст- эстелиги орнотулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты