Абылгазиев: «Кыргызстан санарип жагынан активдүү»

ААбылгазиев: "Кыргызстан санарип жагынан активдүү"лматы шаарында «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун жалпы жыйыны өтүп жатат.

Анын ишине Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, ири IT-компаниялардын жана технопарктардын жетекчилери,  эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санарип жагынан Кыргызстанда кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу айтты.

«Санариптик Кыргызстан» аттуу беш жылдык концепция иштелип чыккан. Атап айтканда, санариптик байланыштын аймактык инфраструктурасы, маалыматты иштеп чыгуунун аймактык борборлору, санариптик платформа жана интеллектуалдык чечимдер, «Digital Casa – Кыргызстан» долбоорунун башталышы тууралуу айтып берди.

Мамлекеттик органдардын, биринчи кезектеги электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуунун планы ишке ашырылууда.

Мамлекеттик электрондук тейлөөнүн бирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин, жылдын соңуна дейре мектептердин 100% ын Интернетке кошуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин салык процедураларын электрондук фискалдаштырууну киргизүү милдети коюлган.

1-январдан тартып «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ийгиликтүү ишке киргизилди, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, ошондой эле ЕАЭБ санариптик күн  тартибинин артыкчылыктарын ишке ашырууга активдүү катышууда.

«Биздин өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан бир нече, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электрондук соода аянттарын интеграциялоо, кредиттик рейтингдин бирдиктүү платформасын түзүү жана кредиттик таржымал маалыматтары менен алмашуу боюнча демилгелер түшкөн», – деп баса көрсөттү Өкмөт башчы.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты