Сариевдин Сурабалдиевага жообу

Сариевдин Сурабалдиевага жообуЭкс-премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын «Атам өлгөндөн кийин анын мүлкүн тартып алууга аракеттенген» деген айыптоосун четке какты.

Сариев Сурабалдиевага жооп кылып, фейсбук баракчасына мындай деди:

“Депутат Сурабалдиеванын көп жыл мурун болгон окуя деп айткандары, жумшак айтканда, мени таң калтырды.

Сариевдин Сурабалдиевага жообу

Айткандары баштан-аяк ойдон чыгарылган деп айтаар элем. Анын эмне себептен калп сүйлөгөнү түшүнүксүз:  же бул анын оюнан чыгарганы, же мени каралоо боюнча кимдир-бирөөлөрдүн буюртмасын аткарганы.

Ал дайыма атасынын бизнесинин мураскеримин деп айтып келет. Мен  атасын жана анын эмне менен алектенгенин жакшы билем.

Маркумдар тууралуу жакшы сөз айтылат же эч нерсе айтылбайт дешет эмеспи. Ошондуктан анын атасы бизнес менен кантип алектенгенин жана кандай ыкманы колдонгонун айтпай эле коёюн.

Бир гана айтаарым—2000-жылы мен ЖК депутаты болчумун жана анын атасына даттанып келгендерди билчүмүн. Сокулукта жашагандардын көбү бул тууралуу билет.

Мен ал жөнүндө айтпайын дегем, бирок кызынын ушагы мени айтууга түртүп жатат.

Атасы каза болгондон кийин бизнесин тартып алам деген деп, мен тууралуу айтканы, бул— дөөдүрөгөндүк.  Мен эч убакта бирөөнүн бир нерсесин тартып алайын деген эмесмин жана тартып алуу ниетим да жок.

Эгер 2005-жылдын июнь айын эстесеңер (Сурабалдиева ушул мезгил тууралуу айтып жатат), мен анда Бакиевге оппозицияда болчумун, мага кысым көрсөтүлүп жаткан.

Ал учурда мен саясат менен алектенип,  кимдир-бирөөлөрдү коркутуп же коркутуш үчүн  бирөөлөрдү жиберген эмесмин. Бул— дөөдүрөгөңдүк.

Айткандары өзүнүн  абийиринде болсун, албетте, эгер анда уялуу сезими бар болсо” деди Темир Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «Азаттыкка» маегинде 2005-жылдын март окуясынан кийин ошол кездеги бийликке жакын адамдар, анын ичинде Темир Сариев,  атасынын бизнесин тартып алууга аракеттенгени, коркутуп-үркүткөнү тууралуу айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты