Муз жарылып, сууга түшүп кеткен баланы сактап калышты
- 6 лет мурун
- Блог
Ойноп жатканда муз жарылып, сууга түшүп кеткен өспүрүмдү куткаруучулар чыгарышты.
Аламүдүн районунун Ленинское айлындагы Коммунар көчөсүндө 31-январда саат болжол менен 14:25 те 15 жаштагы С.М. музга түшүп кеткен.
Ал ойноп жатканда, муз жарылып, сууга түшүп кеткен.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!