Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунан баш тартат

Мирлан Бакиров мыйзам долбоорунан баш тартатЖогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров коомчулуктун сын-пикиринен улам экс-президент, экс-премьер-министр, экс-спикерди мамлекеттик камсыздоого алуу тууралуу мыйзам долбоорунан баш тартмай болду. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди.   

Жогорку Кенештин вице-спикери Мирлан Бакировдун экс-президент, экс-премьер-министр, экс-спикерди мамлекеттик камсыздоого алуу тууралуу мыйзам долбоорун биротоло кайтарып алып, мындан кийин сунуш кылбай турганын ачыктады.

Буга чейин Мирлан Бакиров сунуштаган мыйзам долбоору «убактылуу артка кайтарылып алынды, туура эмес түшүнүк  болбошу үчүн дагы так жана түшүнүктүү иштелип чыгат, мыйзам долбоорунда мурдагы жетекчилерге коомдук статус берүү үчүн гана негизги ченемдер киргизилген» деп түшүндүрмө берилип жаткан.

Айта кетсек, Бакировдун мыйзам долбоорунда мурдагы жетекчилер, экс-президент, экс-премьер-министр, экс-спикерди  мамлекеттик камсыздоого алуу  каралган, анын  ичинде айлык акы, кызматтык турак жай, транспорт жана атайын күзөт кызматкерлери бөлүнөрү каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты