Экс-президент, премьер, спикерди камсыздоо мыйзам долбоору кайра сунушталат

Экс-президент, премьер, спикерди камсыздоо мыйзам долбоору кайра сунушталатМурдагы президент, премьер, спикерди мамлекеттик коргоого алуу жөнүндө Бакировдун мыйзам долбоору кайра иштелип чыгат 

Жогорку Кенештин вице-спикери Мирлан Бакировдун экс-президент, экс-премьер-министр, экс-спикерди мамлекеттик камсыздоого алуу тууралуу мыйзам долбоору кайра иштелип чыгуу жана толуктоо үчүн кайтарылып алынды.

Мирлан Бакиров сунуштаган мыйзам долбоору убактылуу артка кайтарылып алынды, аны туура эмес талкуулар болбошу үчүн дагы так жана түшүнүктүу иштелип чыгат.

«Мыйзам долбоорунда мурдагы жетекчилерге коомдук статус берүү үчүн гана негизги ченемдер киргизилген” деди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Айта кетсек, ЖК вице-спикери Бакировдун мыйзам долбоорунда мурдагы жетекчилер, экс-президент, экс-премьер-министр, экс-спикерди  мамлекеттик камсыздоого алуу  каралган, анын  ичинде айлык акы, кызматтык турак жай, транспорт жана атайын күзөт кызматкерлери бөлүнөрү каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты