Жаан карга айланат
- 6 лет мурун
- Блог
Өлкөдө бүгүн, 1-февралда, көпчүлүк аймактарда жаан карга айланат.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүйдө- түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Суусамыр өрөөнүндө- түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Таласта- түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Ош жана Жалал-Абад, Баткенде …-5, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө- түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Нарында- түнкүсүн -14…-19, күндүз -8…-13;
Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус суук.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 3…5 градус жылуу болот.
Сүрөт: Интернет булактарынан.