Соттук башаламандык: билбестикпи же кызыкчылыкпы?

Соттук башаламандык: билбестикпи же кызыкчылыкпы?Борис Воробьев менен “Феликс” компаниясынын ортосундагы 17 жыл мурда башталган жарандык чыр дагы деле токтой элек. Бул иш башка өңүттөн жандана баштады. Жөнөкөй жарандар соттордун жана Борис Воробьевдун кадамдарына нааразы болуп, арызданып жатышат.

Окуя 1998-жылы Борис Воробьев 25 миң долларлык компьютердик жабдууларды сатып алгандан башталган. “Феликс” ЖЧКсы компьютердик жабдыктарды алып келип берип, бирок канчалаган жылдардан бери акчасын ала албай келген. Ошондуктан, “Феликс” компаниясы сотко кайрылганга мажбур болгон. 2002-жылы соттун чечими менен компанияга 1- бөлмөлүү батир жана 12-кичи райондогу курулуп бүтө элек имараттын сатыгынан түшкөн каражат берилген. Кийин белгилүү болгондой, Воробьев жалгыз эле бул компанияга гана эмес, дагы эки жаранга акча карыз болуп чыгат. Сатылган курулушту Юстиция министрлигинин курулуш-техникалык экспертизасы 23 миң долларга баалап, ал каражат арызданып жаткан үч доогерге бөлүнгөн.

Воробьевдун окуясы муну менен элек токтоп калган эмес. 2018-жылы Ленин райондук соту Жылдыз Жумабаева анын ишин кайра кароо боюнча арызын кабыл алып, 2002-жылдагы соттун чечимин жокко чыгарган. Бул жолу судья Жумабаева “Феликс” ЖЧКсы 11 жыл мурун жоюлуп кеткенине көңүл дагы бурган жок.

Юрист Марат Макешовдун айтымында, Жарандык процесуалдык кодекстин 220-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жоопкер катары жоюлган юридикалык тарап болсо, анды бул соттук иштин өндүрүшү токтотулушу керек болчу. Тагыраак айтканда, мыйзам боюнча, сот ишти баштаганга негиз жок эле.

Ага карабай, соттук отурумдар өтүп жатат. Андан сырткары, жоюлган компаниянын жетекчилиги сотко чакырууларды бир дагы жолу алган эмес, бул сот ишинде жоопкер катары өтүп жатканын капысынан эле билип калышкан.  Компания учурда жок болгондуктан, ал автоматтык түрдө соттук отурумдун катышуучусу боло албайт.

Соттун 2002-жылдагы чечимин жокко чыгаруу  бул чыр жөнүндө такыр укпаган жарандардын кызыкчылыгына каршы болууда. Түшүндүрө кетсек, компьютердик компания утуп алган батир буга чейин беш жолу ээсин алмаштырган, курулуп бүтө элек имаратты мамлекет саткандан кийин, анын ордуна соода комплекси курулган.

Азыр DK соода комплексинин ээси “Делем Плюс” компаниясы болуп саналат, анын директору Сергей Юрченко ага тиешелүү соода борбор соттогу чырдын ортосунда экенин кокустан билип калды.

“Мен Борис Воробьевду тааныбайм, аны менен сүйлөшүп же анын компаниялары менен иштеген да эмесмин. 3 жума мурун биздин юристтер соттогу процессте курулуп бүтпөй калган соода комплекстин дареги жүрөт деп айтышкан. Анда мен Воробьев менен компьютердик фирманын 17 жылдык чыры деп ойлогом. Бирок мен ММКда Борис Воробьевдун өкүлдөрү бул иш боюнча пикирлерин айтып жатканын окуганда, DKны рейдерлик басып алуу боюнча иш аракеттер болуп жатканын түшүндүм. Воробьевдун өкүлдөрү 2002-жылы курулуп бүтө элек имараттын баасы миллиондогон доллар турганын айтышты. Бирок аны мамлекеттин өкүлдөрү баалаган да! Ал эмне мамлекет менен соттошуп, 17 жыл мурун мүлктү туура эмес баалаган деп утуп алдыбы? Алар анын сөзүнө гана ишенеби? Азыр сот 2002-жылдагы чечимди жокко чыгарып, мүлктү Воробьевго кайтарып берип жатат. Бирок ал мүлк жок! Анда Воробьевго эмне берилет? Воробьев ошол кезде бааланган каражатын эмес,  бүт комплексти толук тартып алууга аракеттенип жатат. Комплексти сатып алгандар банктан кредиттерди алып курулушка каражаттарын сарпташкан. Муну кантип түшүнсө болот?”, – деди Сергей Юрченко.
 

Анын айтымында, Юрченко окуя жөнүндө кредиттер алынган казакстандык “Темирбанктын” жетекчилигине билдирген. Банктын өкүлдөрү бул жагдайга тынчсызданып жана нааразы болгонун айтышты. Анткени, соттордун мыйзамсыз кадамдары үчүн кыргыз тарап кредиттик милдеттерин аткарбай калышы мүмкүн.

Сот өткөрүп берген батирдин ээси Токтогазы Термечиков дагы нааразы. Анын айтымында, бул батирди өзүнүн уулуна көп жылдан бери чогулткан каражатка сатып беришкен, азыр эми бул мүлктү тарттырып кою коркунучу жаралганын айтат.

“Менин апам небересинин өзүнүн үйү болсун деп, өмүр бою чогулткан акчасын берген эле. 2016-жылы биз батирди сатып алганбыз, 2017-жылы апам көз жумду. Биз документтерди мыйзамдын чегинде даярдаганбыз, Мамлекеттик каттоодон батир “таза”, күрөөдө эмес деген кагаздарыбыз бар. Биздин мүлк соттогу чырдын ортосунда экенин билгенде шок болдум. Ушундай кантип болсун? Биз ак ниеттүү сатып алуучуларбыз, бирок биздин мүлктү тартып алышы мүмкүн! Бул абийирсиздик! Сот эмнени карап жатат? Эгерде чечим 17 жыл мурун кабыл алынса, анда эмнеге кайрадан каралып жатат? Ошол кезде мыйзамсыз болсо эмне текшерилген эмес? Мен билбейм, балким сотторду акча менен кызыктырышты, бирок биздин эмне тиешебиз бар? Мен бир дагы жолу сотко чакыруу алган эмесмин, башка катышуучулар азыркы ээсин издеп баштаганда гана билип калдым”, — деп Токтогазы Термечиков айтып берди.

Сот Жылдыз Жумабаева бир чечим менен чырга тиешеси жок адамдарды тартты. Бул жарандар ак эмгеги менен тапкан каражаттарына алынган мүлктөрүн жоготуп алуусу мүмкүн болуп турат. Бүгүн, шаардык сотто кезектеги отурум болот, ал жерге соода комплексинин, жана батирдин ээси барганы турат.

Булак: Kaktus.media

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты