Абактагы чет элдиктерге канча сом жумшалат?

Абактагы чет элдиктерге канча сом жумшалат?

Кыргызстандын абак жайларында жаткан чет элдиктергеи  мамлекет канча сом короторун Ички иштер министиринин орун басары Курсан Асанов айтты. 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 31-январдагы, жыйында Кыргызстандын түрмөсүндө жаткан чет элдик жарандарга ИИМ жана Жаза аткаруу кызматы тарабынан   2019-жылы 590 миң сом каралганын билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын абагында чет элдик 360 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 2019-жылы чет элдик 51 жаран эркиндикке чыгат.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты