Абылгазиев Алматыга аттанат

Абылгазиев Алматыга аттанатПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эртен, 1-февралда, Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңеш жыйынына катышат.

Анда интеграциялык биримдик өлкөлөр кызматташтыгынын учурдагы маселелери, анын ичинде санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдигинин  мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, ж.б. маселелер талкууланат.

Мындан тышкары Өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун ишине катышмакчы.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты