Адина Самыйбек кызы: «Жашоомду бийсиз элестете албай калдым»
- 7 лет мурун
- Маек
19 жаштагы Адина Самыйбек кызы дене бой жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген бийчилерден түзүлгөн “Тумар” бийчилер тобунда бийлейт. “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборунда окуйт. Ал бийлеген топ Казакстандан тартып Америка, Түркия, Словакияга чейин барып, көрүүчүлөрдү суктантып келатат.
—Адина, өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз?
—Мындан 12 жыл мурун мени окутууга айылда мүмкүнчүлүк болбой, ата-энем мени майыптар мектебине окутуш үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке көчүп келген. Чет өлкөлөрдөгү чоң сахналарда бийлейм деп ойлочу эмесмин. Бийлегенден баштап көп нерсем өзгөрдү. Атам бийлегенимди сыналгыдан көрүп, аябай сүйүнчү эле. Атам мындан үч жыл мурун дүйнөдөн өтүп кетти.
—Кырсыкка учурадыңыз беле?
—Тубаса майыпмын. Мен төрөлгөндө дарыгерлер “алдыңкы сөөктөрдүн аномалиясы” деген диагноз койгон экен. “Баспайт, акыл-эси ордунда болбой калат” деп кооптонушкан экен. Азыр да майып төрөлгөн балдардын ата-энесине “майыптар үйүнө өткөргүлө, адам болбойт” деп айтышат экен. Мен төрөлгөндө да ата-энеме баш таркыла деп айтыптыр. Баш тартпай, ушул деңгээлге жеткиргени үчүн ата-энеме абдан ыраазымын. Чет өлкө сахнасына бийлеп чыкканыма да салымы чоң.
—“Тумар” бий тобуна кантип келдиңиз?
—Мектептин 20 жылдыгы белгиленээрде Эрмек Кадыров бийчи балдарды чогултуп жатканда мен да кошулуп калгам. Бир жарым айдай машыгып, эл алдына чыкканда көп кишилер колдоду. Андан кийин “мындан ары да бийлеп кетпейсиңерби” деген пикирлерин айтышкан. Ошентип дайыма бийлөөнү чечтик. Башында кайрымдуулук концерттерде бийлеп, конкурстарга катыша баштадык. Бирок көптөгөн конкурстарга бизди кабыл албаган учурлар болду. Көрсө эл, коом кандай кабыл алат деп ойлошот экен. “Алты саны аман адамдар менен салыштыра албайбыз” деген пикирлерди уктук. Чет өлкөлүк бий таймаштарына катышууга билдирүү жөнөтүп жүрдүк. Эми бийлегенибизге сегиз жыл болду. Көп ийгиликтерди багындырдык. Мен да жашоомду бийсиз элестете албай калдым.
—Бийдин аркасы менен көптөгөн өлкөгө бардыңыздар. Кайсы мамлекеттин сахнасы өзгөчө таасирлентти?
—Негизи эле сахнага чыкканда аябай толкунданам. Эң негизгиси жыгылбай бийлесем дейм. Кээ бир учурда толкунданбай эле бийлеп кетем. Америкага да барып келдик. Аябай жакшы болду. Ал жактан бизди мекендештерибиз тосуп алып, үйүнөн орун беришти, бизди колдоп жүрүштү.
—Дагы кандай шыгыңыз бар?
—Пианинодо ойнойм. Нота үйрөнүп, вокалдык билим да алып жатам.
—-Бий дүйнөсү сизге эмне берди?
—Көп нерсени. Бий жашоомду түркүн түскө боёду. Чет өлкөгө чыга элек элем. Эл менен көп аралашчу эмесмин. Көпчүлүк карай бергенинен көчөгө чыккандан уялчумун. Азыр андай эмес. Бий менен көптөгөн таймаштарга катышып жатабыз. Бийлей электе окуу жана үй менен эле чектелип келгем. Кичине кезимде майыптыгыма көп маани бербей келсем, эс тартканда элге көрүнгүм келчү эмес.
Майып адамдарды коом кадимкидей эле жаран катары кароого көнө элек. Бизди көргөндө акча чогултуп жүрөт деп ойлошот. Кээде акча таштап кетишет. Менин оюм боюнча элдин аң сезими өзгөрмөйүн, ал мамиле жашай берет.
Максатка жетүүдө тоскоолдуктар көп болот экен, бирок аларга моюн сунбай “жетем” деш керек. Адам баласы жалкоо келет экен. Ошол жалкоолукту жеңиш керек. Максатка жетүүдө чөйрөдөгүлөр да чоң таасир берет. Аларга да карабаш керек.
—Максаттарыңыз кандай?
—Бир нерсени чын жүрөгүңөн кааласаң, ал эртеби-кечпи, сөзсүз орундалаарына ишенем. Ушул жылы буюрса мектепти бүтүрөм. Жогорку окуу жайына тапшырып, башталгыч класстын окуучуларына мугалим болгум келет. Немис тилинин курсуна барып жатам. Германияга барсам деген максаттарым бар. Ник Вуйчич менен жолуксам сонун болот эле. Анын ушунча кыйынчылыкты кыйгап өтүп, ийгиликтерди багындырганын баалайм, ал мени шыктандырат.
Көркөм тасмаларда ээсине берилген, акылдуу күчүктөр бар го, мисалы, хатико, бетховен. Бала кезимде ошолор сыяктуу күчүгүм болушун каалачу элем. Эми мага күчүктү да белекке беришти. Ал чоңоюп калды. Үйдөн тосуп алат, узатат, дайыма мени ээрчип жүрөт.
Мен таксиге отурганда, коляскамды эле бүктөп салып коюш керек. Андан ары өзүм эле чыгып, отура алам. Бир таксист: “Көтөрүп чыгып, көтөрүп киргизет болушум керек деп ойлогом, көрсө баарын өзүң эле жасайт турбайсыңбы” деп таң калды. Такыр эле жардамга муктаж эмесмин деп да айта албайм, бирок өз алдымча кыймылдаганга аябай аракет кылам.
—Сиз үчүн учурдун көйгөйү эмне?
—Көптөгөн майып кишилер көчөгө чыга албаганынын себеби жөнөкөй эле: маршрутка, автобуста шарт жок, коляска кире албайт, пандустар жок, басымдуу бөлүгү тепкичтер. Көпчүлүгү көчөдөн майып кишилерди көргөндө башкача көз караш менен таң калгансып карайт. Бул дагы психологиялык жактан кысым болот. Кыргызстанды жакшы көрөм, төрөлүп-өскөн жерим, бирок бизге, майыптарга мүмкүнчүлүк жакшы түзүлбөгөнү өкүндүрөт. Акырындан пандустар жасалып жатат, бирок аларды дагы аябай тик кылып салышкан. Пандустар бир гана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эмес, коляска менен жүргөн энелерге, наристелерге да керек да.
Жанара Каденова