Кожогелди Култегиндин китеби Түркияда түрк тилинде чыкты

Кожогелди Култегиндин китеби Түркияда түрк тилинде чыкты

Кожогелди Култегиндин түрк тилинде чыккан китеби.

 Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү Кожогелди Култегиндин “Тамырлардан канаттарга чейин” аттуу китеби  түрк тилинде жарык көрдү.

Китептин бет ачаары Анкара шаарындагы Кабакчы конок үйүндө өткөрүлүп, ага түрк жазуучу, акындары жана жалпы поэзия күйөрмандары катышты.

Кыргызстанда буга чейин акындын 9 ыр китеби жарык көргөн. Ал  эми бул ыр жыйнагы түрк тилине которулуп, алгачкы жолу жарыкка чыкты.

Китептин чыгышына  колдоо көрсөткөндөр — Түрксой уюму, «Түрк ожаклары» уюмунун Бурса кеңсеси жана Евразия жазуучулар союзу.

Иш-чарага  катышкан түрк элинин  белгилүү акындарынын  айтымында, Кожогелди Култегиндин поэзиясындагы жашоо, өмүр, тууралуу жана бир топ лирикалык ырлары окурмандардын жан дуйнөсүндө таасир  калтырат.

 Ырларды котормочу, акын Калмамат Куламшаевдин жардамы менен Түркиянын таланттуу акыны Кенан Чарбога түркчөгө которуп, адабий тил менен түркчөлөштүрдү. Ал эми бул китептин ар бир бетинин башындагы  “Кожогелдинин кожо сөздөрү” аталган акылман ойлорду  филолог Майрамкүл Дыйканбаева которгон.

Бул  жыйнакта Түркиянын тарыхы, турмушу тууралуу да бир топ ырлар бар. Беш жылдан бери Анкара шаарында эмгектенип жаткан акын андагы ырлардын дээрлик 95 пайызы ушул жерде жазылганын белгиледи.

 

Кожогелди Култегиндин китеби Түркияда түрк тилинде чыкты

Китептин бет ачарында. Анкара шаары.

Фырат Пурташ, Түрксой уюмунун  баш катчысынын орун басары:

«Түрк адабиятына кошкон салымы талкууланып жатат»

—Анын ырларында адам, маданият, биримдик руху бар .Түркияда Чанаккалеге жана 15- июнь дастанына тиешелүү жазган ыры түрк адабиятчылары, окурмандары чындыгында абдан жактырды. Анын жазуучулук жан дүйнөсү эки чон каармандык дастанды эн мыкты  чагылдырды. Бүгүн бул жерде акындын түрк адабиятына кошкон салымы талкууланып жатат. Эмгеги ошондой эле түрк дүйнөсүнүн маданий турмушунда маанилүү бир таасир катары орун алды.

Кенан Чарбога,  түрк акыны, котормочу:

«Бизде бир туугандык ыргак бар»

—Кожогелди Кулиевдин ырларын которуу биз үчүн өтө деле кыйын болгон  жок деп айта алам. Анткени бизде жалпысынан бир туугандык ыргак бар жана окшош сезим дүйнөсүнүн, бирдей аймактардын адамдарыбыз. Мындан тышкары мен бул китепти которууда көп нерсе үйрөндүм. Эн башкысы кыргыз адабиятынын өзгөчөлүктөрүн, айырмачылыктарын акын катары таанып биле алдым.

Кожогелди Култегин:

«Түркия жергеси өзгөчө таасир берди»  

—2014-жылдан баштап мен куттуу Түркияда жашап жана иштеп жатам. Эн маанилүүсү Түркиянын алп акындары Каражаоглан, Нежип Фазыл, Назим Хикметти толкундантып, таланттарына таасир берген Түркия жергеси мени да толкундантып, өзгөчө таасир берүүдө. Мен кудайдын ар бир күнү тан эртеден саат 5 те туруп үйүмдөгү иш столумда эмгектене баштайм. Бул китептеги 37 ыр ушул Анкарада жазылды. Эки ай мурун  китептин кыргызча вариантын Кыргызстанга жөнөттүк, ал жактан да басылып чыкмакчы.

Клара Кудайбергенова, Салим   Эзер

Түркия.  Анкара шаары.

Атайын «ПолитКлиника» үчүн.

Сүрөттөрдү: Авторлор тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты