АКШга “атайын квота” жок

АКШга “атайын квота” жокАйрым шылуундар АКШга “атайын квота” боюнча жумушчу виза алып беребиз деген маалымат жалган экенин КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча социалдык түйүндөрдө АКШга «атайын квота» боюнча мыйзамсыз виза ачам деп, акысына 15 миң доллар сурап жүрүшөт. Алдамчылар бул акчаны психологго, котормочуга жана башка кызматтарга берилет дешет.

Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтар туура эместигин маалымдап, мекендештерди чет өлкөлөргө жумушка орноштурам деген күмөндүү компаниялардан сак болууга чакырат.

ТИМ АКШга жумушка орношуу боюнча  маалыматты бул даректен алууга болууну билдирет:   https://www.uscis.gov/working-united-states/working-us.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты