Депутат министрдин 82 миң долларлык машинасы Өкмөт балансына өткөнүн айтты

Депутат министрдин 82 миң долларлык машинасы  Өкмөт балансына өткөнүн айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Депутат Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министри  Космосбек Чолпонбаевдин  кредиттик акчанын эсебинен кымбат баалуу жолтандабас машинасын мингенин 31-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында дагы сындады.   

«Саламаттык сактоо министрлигине жана ФОМСко 2017 жана 2018-жылдары чыккан, баасы 5-6 млн доллар турган машиналарды кайсы акчага алышты? Бул машиналарды алууга 2017-жылдын август айында ким кол койгон?” деди депутат.

Космосбек Чолпонбаевдин 82 миң долларлык жолтандабас кымбат машина мингенин 30-январдагы ЖК жыйынында Абдывахап Нурбаев да көтөргөн.

“Бул Бүт дүйнөлүк банктын акчасына алынган. Санитарлар 2 миң сом, медсестралар 6 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Министрдин кандай моралдык укугу бар андай машина алууга?” деген Абдывахап Нурбаев.

Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министри Чолпонбаев минген кымбат баалуу машинанын таржымалын айтып берди. Өкмөт Дүйнөлүк банкка жер-жерлерде медицинаны өнүктүрүү боюнча жардам сурап кайрылган. Ошол жардамдын негизинде кымбат машина сатып алынган.

Мурда министр ал машина Дүйнөлүк банктын программасына киргизилген деп айтса, эртеси күнү ал машина ФОМС жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленген деп айтты.  Анда эмне, министрге ал машинаны таңуулап бериштиби?  Министр кымбат баалуу машина менен Саламаттык сактоо тармагын кантип өнүктүрүп жиберет?  “Саламаттык сактоо министрлигине 2008-жылы чыгарылган » Toyota Landcruiser , 2013-жылы чыгарылган Toyota Prado, Nissan Patrol, Lexus жана башка машина бекитилген. Алардын баары бюджеттин акчасына алынган” деди Исмаилова.

Ошол эле кезде сындалып жаткан жаңы жол тандабас машина Өкмөттүн балансына өткөн.  Бул жерде кызмат абалынан кыянат пайдалануу бар экенин айтып өттү депутат Исмаилова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты