”Конституцияны өзгөртүү тууралуу сөз жүрүүдө”

”Конституцияны өзгөртүү тууралуу сөз жүрүүдө”Жогорку Кеңештин 31-январдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов  Конституцияны өзгөртөбүз дегендердин артында кайсы бир күчтөр бар экендиги көрүнүп турат, Баш мыйзамды өзгөртүү дайыма бийликти бекемдөонү коздөп келген деп айтты.   

“Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз?

Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Анын айынан эки жолу революция болду. Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек” .

Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирип,  элди дүрбөтүүнүн кереги жок экендигин белгиледи.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты